logo ru

        ВСЕ О ЦИФРОВОМ ТВ В КЫРГЫЗСТАНЕ

IMG 20150806 WA0000Бүгүнкү күндөгү иштерибиз эфир аркылуу таратылуучу толкундар боюнча жүрүп жатат. Айыл жергесинде көпчүлүгү түшүнүп калды. Ресиверлерди алып орнотуу боюнча бир аз кабатырланып тургандар да бар. Келерки жылы санарип өлкөгө толук тарайт.

Кабар даамында уктуруусунда санариптик телеберүүгө өтүүдөгү даярдыктар, жасалып жаткан иштер тууралуу, Радио релейлик магистралдарынын теле жана радио берүү боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин директорунун орун басары Усан Жанузаков менен маек курдук.

- Санариптик телеберүүгө өтүү даярдыктары кандай жүрүп жатат?

- Бүгүнкү күндөгү иштерибиз эфир аркылуу таратылуучу толкундар боюнча жүрүп жатат. Негизи санариптик телеберүүлөр 3 кө бөлүнөт. Эфир аркылуу таратылуучу, спутникалык жана кабелдик санариптик теле берүү болуп бөлүнөт. 2014-жылы 6-ноябрда Кыргызстан официалдуу түрдө 9 станцияга санариптик теле чагылдыргычтар орноштурулуп, өлкөнүн 60 пайыздай калкы санариптик телеберүү алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Тагыраак айтканда Бишкек шаары, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустары жана чектеш аймактарында толук кандуу болбосо да санарипти кабыл алууга шарт түзүлгөн. Андан тышкары Ош шаары, Кара-Суу району жана Өзгөн райондоруна кошулган. Бирок буга чейин эле 2008-2009-жылдары Баткен облусунда пилоттук долбоор иштеп чыгып, облустун 98 пайызы санариптик телеберүү менен камсыз кылынган. Ал DVB-T форматында ресивер менен 10 телевизиондук программа стандарттык сапат менен көрсөтө алчу. Себеби Баткен облусу санарипке 2016-жылы кыйынчылыксыз өтүүсү үчүн алдын ала ушундай пилоттук долбоор колдонулган. Азыр экинчи этабы да аягына чыгып калды. Ысык-Көл облусунда Караколдо, Нарын шаарында жана Кара-Балта шаарында орнотулду. Ошентип Кыргызстан калкынын 80 пайызы санариптик телеберүүлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ошол эле учурда аналогдук берүүлөр да өчүрүлө элек.

- Республиканын кайсы аймагында толкун жетишпейт?

Эл көп жашаган борбор калаада, облустук, райондук борборлордо жана алыскы аймактарда толкун жетишпейт. Кыргызстан негизи тоолуу өлкө болгондуктан толкундун тарашы да өтө татаал болот. Ошондуктан изилдөө иштери жүрүп, калк көп жашаган аймактарга орнотулат. Андан кийин кайра ошол толкундар өтүп-өтпөй жаткандыгы текшерилет. Мисалы, Баткен облусундагы Зардалы айылында электр энергиясы жок, тоолор курчап тургандыктан толкун да өтпөйт. Токтогул районунда да ушундай шартта эки айыл бар. Бул жерлерге санарип жетпесе да РПО РМТРдин мекемесинде спутникалык санириптик телеберүү бар. Ал дагы 2014-жылы 6-ноябрда ишке кирген. Учурда ал аркылуу 5 мамлекеттик телеканал чыгып жатат, 4 радио да бар. Буйруса “Марал” радиосу да ушул спутникалык телеберүү аркылуу өтөт. Буга атайын спутникалык кабыл алуучу жабдыктарды алуу керек. Мындай телеберүүгө өтүү менен көп артыкчылыктар түзүлөт. Кыргызстанда жеке, мамлекеттик радиолордун, телеканалдардын каналдарынын саны көбөйөт. Түркиянын Ван деген жеринде кыргыздар жашайт. Алар да азыр санариптик берүүгө өтүп, телефон чалып ыраазычылыктарын айтышат.

- Санарипке өтүүгө эл даярбы?

Азыр изилдөө иштери менен аймактарды кыдырып жүрөбүз. Биринчи этабы боюнча маалыматтар бар, түшүнүп калышты. Маданият, маалымат жана туризм министри элге маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүүдө. Санарип жөнүндө билишет, бирок көпчүлүгүн: жабдыктарды качан алсам? алсам туура болобу? - деген суроолор кабатырландырып жатат. Токмок шаарындагы базарга кирип сатуучулардан ресивер жөнүндө сурасак, баасы 1300 дөн жогору экен. 2000 сомдук ресиверлер сапаты жакшы деп эсептелип кепилдик берилет экен. Сатып алуучулар толук кандуу ишенип орноштура элек, чочулагандар бар. Биз дагы кайсы облуска санарип жеткендиги же качан жетээри тууралуу маалыматтарды даярдап жатабыз. Даяр болгондо интернет сайтына чыгарабыз, жарандар өздөрү да телефон аркылуу кайрылып жатышат.

- Санариптик берүүгө өтүүнүн артыкчылыктары кайсылар?

Санарипке өтүү менен бир жыштыктан сапаты стандарттуу 15 теле программаны таратуу мүмкүнчүлүгү бар. Айылдарда мурда 2-3 программа эле көрсөтүлүп келсе санарипке өтсө 15 теле программаны тандап көрүүгө болот. Социалдык пакетке азыркы күндө 9 канал кошулду. Күзүндө “Ден соолук” жана “Спорт” каналдары кошулат. Булар мамлекеттик акысыз көрсөтүлүүчү каналдар болуп эсептелет. Ал эми менчик каналдарга 2 жыштык бөлүнгөн. Алар да өз мүмкүнчүлүктөрү менен өтө алышат. Ресиверлер акчасына жараша болот. Коркпостон эле ала берсе болот. Тиркегич антеннаны болушунча бийик, ачык жерге орнотуу керек. Себеби шаар жергесинде бийик имараттар толкундарды тосуп калат. Бийик кабаттуу үйлөрдө жашаган жарандар үйдүн чатырындагы ачык жерге орнотушса жакшы болот.

Автор: Бахар Хакимова 

Источник: Марал Радиосу

nothing3px
X
Шаблоны Joomla! 3.
Создать свой сайт с Joomla!.